Социалдык төлөмдөрдү борборлоштуруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө

28.10.2020, 09:30 Акчабар
Социалдык төлөмдөрдү борборлоштуруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлик социалдык төлөмдөрдү борборлоштуруу боюнча пилоттук проект өткөрүүдө. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты. 

Андан сырткары,  Улукбек Кочкоров ушул жылдын октябрь айында акча каражатын өз убагында албай калган социалдык төлөм алуучулардан кечирим сурады жана мындан ары мындай болбой тургандыгын баса белгиледи.

Министрдин айтымында, бүгүнкү күндө өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында,  социалдык төлөмдөрдү борборлоштуруу боюнча пилоттук проект өтүүдө. Республиканын 5 районунда: Талас облусунун Бакай-Ата районунда, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда, Чүй облусунун Кемин районунда, Нарын облусунун Жумгал районунда жана Жалал-Абад шаарында пилоттук долбоор өтүп жаткандыгына байланыштуу октябрь айында социальдык төлөмдөр өз учурунда берилген эмес.

«Пилоттук иш-чаранын алкагында банктар менен маалымат алмашуу ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү «Түндүк» тутуму аркылуу жүргүзүлүп, бул социалдык төлөмдөрдүн ачык-айкындуулугун жана даректүүлүгүн көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Автоматташтырылган кызмат коррупциялык тобокелдиктерди жок кылат, анткени төлөмдөр борбоштурулат», – дейт Улукбек Кочкоров.

Тэги: социалдык төлөм борборлоштуруу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу