Социалдык контракттын негизинде жардам эми өлкө боюнча көрсөтүлөт

04.08.2022, 10:01 Акчабар
Социалдык контракттын негизинде жардам эми өлкө боюнча көрсөтүлөт

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги эми Кыргызстандын бардык аймагында социалдык келишимдин негизинде социалдык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Буга чейин долбоор өлкөнүн эки облуста гана пилоттук режимде ишке киргизилген.

Калкты жакырчылыктан чыгаруу долбоорунун алкагында, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алып, киреше алып келүүчү бизнести түзүү үчүн 100 миң сомдон ала алышат.

“Биринчи этапта министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине жана адистерине социалдык контракттын шарттарын жана механизмдерин түшүндүрүү боюнча окуу уюштурулду. Жалпысынан республика боюнча миңден ашык адам окуду”, - деп айтылат Эмгек министрлигинин маалыматында.

Тэги: социальный контракт помощь малоимущие бюджет деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу