Өлкөдө апрель айында билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт, илим, маалымат жана социалдык кызматкерлеринин маяналарын көбөйткөнгө 7,190 млрд жумшалды. Мындай маалымат Финансы министрлигинин расмий сайтында жарыяланды.
Анын ичинен:
“Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин жогоруда көрсөтүлгөн категорияларына эмгек акы жогорулатылганга чейин 2022-жылдын январь-март айларына финансылык пландын орточо айлык керектөөсү 3 566,7 млрд сомду түзгөн же өткөн айларга салыштырмалуу апрель айына өсүү 2 эсени түздү”,- деп жазылат маалыматта.