Соңку эки жылда турак жай кооперативдеринен 1524 адам алданган

27.01.2023, 13:50 Акчабар
Соңку эки жылда турак жай кооперативдеринен 1524 адам алданган

Соңку эки жылда кылмыштардын бирдиктүү реестрине турак жай кооперативдеринен алданган 1524 адам кайрылган. Бул тууралуу ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 2022-жылы бул маселе боюнча 1515 кылмыш иши катталган. Ал эми 2021-жылындагы 9 кылмыш иши өткөн. Бардыгы болуп 1524 кылмыш иши өндүрүшкө алынган. Анын ичинен 1284 кылмыш иши соттук кароого жиберилген. Жалпысынан 1524 адам турак жай кооперативдеринен жабырланган. 

“Былтыр турак жай кооперативдери боюнча алдамчылык фактылары менен 16 турак жай кооперативине арыздар келип түшкөн. Алар, “Ак үй КЖ”, “Жилье Гарант” , “Элдик Групп”, “Ихсан Групп ЛТД”, “Береке ЛТД”, “Дарим хаус”, “Ордо-Мурас”, “М строй групп”,   “С-Лайн”, “Биринчи турак-жай кооперативи”, “Ансар”, “Ипотека”, “МПК коператив”, “Нью миленниум”, “Эл биримдиги”. Жалпы келтирилген материалдык зыян 901 млн. 726 миң 029 сомду түзөт”,- деп айтылат маалыматта. 

Учурда өндүрүлгөн каражат 108 млн 855 миң 713 сом түздү. Бардык козголгон кылмыш иштери мыйзам чегинде тергелип, сотко жиберилди. Учурда калган кылмыш иштерин тергөө улантылууда.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу