Солтон-Сары-кызыкчылыктардын кагылышуусу-эксперттин пикири

06.08.2019, 11:05 Акчабар
Солтон-Сары-кызыкчылыктардын кагылышуусу-эксперттин пикири

2019-жылдын 5-августа  Солтон-Сары  кенинде  Нарын эли менен кытайдын  Zhong Ji Mining company ортосунда жанжал чыккан. Ага чейин жергиликтүү калк малдын кырылуусу алтын казыууга байланыштуу деп нааразы болуп келишкен. 

Окуяга күбөө  болгондордун айтымында жергиликтүү калк кытай компаниясын ишин токтотуп, техникаларын чыгарып кетүүнү талап кылышкан. Эки тарап сүйлөшүүгө келбей, бири-бирине таш ыргытып башташкан. 

Политолог Марс Сариев жаңжалдын чыгышы —  көп тараптуу деген пикирде. Бийлик жаңжалдын алдын алып, нааразычылык башталгандан тартып, кырдаалды көзөмөлгө  алса болмок дейт. Анткени, малдын кырылуусу боюнча пикирлер эки ача. Жергиликтүү  калк малдын олумүнө кытай компаниясын күнөөлөсө, а экспертиза убагында вакцинация жасалбаган деп чыгарылган. Мындай чечим бийликке ишенбөөнү жаратууда. 

Ошондуктан, эксперттер  жаңжалды баардык тараптан кароону  сунуштайт. Парламенттик  шайлоо жакындаган сайын буга саясий  дагы кызыкчылык болуп жатканы жашыруун эмес.  Саясий элита  дагы жаңжалды уюштуруп, жагдайдан пайдалануу кызыкчылыгын дагы көздөшүү толук ыктымаал. 

Башка тарабы — бул эл аралык мамилелер.  Конфликт Кытай  менен мамилеге таасир этмекчи. 

«Конфликт инвестициялык климат жана Кытай мамилесине кедергисин тийгизиши мүимкүн. Буга сырткы оюнчулар дагы катышып, Кытай менен мамилени бузууга аракет жасашы мүмкүн.Ар кайсыл конфлик бийликке упай алып келбейт», —деп билдирет Сариев.

Марс Сариев айтымында  Эмгекчил айылынын тургундары алтынды өздөрү чайкап, кенге башка алтын чайкоочуларды киргизбей келишкен деп билдирди. 

«Айыл алтын менен байып жаткан. А бул жерде атаандаш пайда болуп, кенге киргизбей калышкан. Бул, албетте айылдын көтөрүлүшүнө аябай чоң түрткү болду», — деп жыйынтыктады эксперт. 

Учурда Солтон-Сарыдагы кырдаалды укук коргоо органдары көзөмөлгө  алууда. Окуя болгон жерге биринчи-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов  менен ИИМ Кашкар Жунушалиев эл менен жолугушууга жөнөп кетишти.

Ошол эле маалда кечээки жаңжалдан улам Нарын областык оорунканасына  20 кытай жумушчусу ооруканага түшкөн. Саламаттык сактоо министринин  маалыматына таянсак, алардын баарынын баш мээси чайкалып калган. 

Тэги: Солтон-Сары золото инвестиции конфликт интересов

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу