Улуттук банктын 24-декабрга карата расмий курсуна ылайык, сомдун евро, рубль жана теңгеге карата арзандоосу уланууда. Бирок америкалык валюта бир аз позициясын жоготту.
24-декабрга карата сом рублга (+ 0,58%) жана еврого (+0,36) карата эң арзандады. Ошентип, бүгүнкү күндө расмий алмашуу курсу мындай: 1 рубль 1,1559 сом жана евро 95,9329 сом.
Сом казак теңгесине карата да 0,15%га алсыздап, 0,1954 сомду түздү.
Мында сом АКШ долларына карата бир аз бекемделди.