Улуттук банк 4-мартка карата валюталардын сомго болгон расмий курсун жарыялады. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтында жайгаштырылды.
Такталган маалыматтарга караганда, сомдун курсу еврого жана рубльга карата тиешелүүлүгүнө жараша 0,16% жана 0,12%га кымбаттады.
Ошол эле учурда улуттук валюта теңгеге карата 1,10% төмөндөп, 0,2028 сомду түздү.
АКШ доллары 87,42 сомго бааланууда.