Кыргызстандын Улуттук банкы 4-майга карата валюталардын сомго расмий курсун жарыялады. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтында жайгаштырылган.
Такталган маалыматка ылайык, сом АКШ долларынан башка бардык негизги валюталарга карата арзандады.
Теңге 1,49%га кымбаттап, 0,1978 сомду түздү.
Евро 0,62%га жогорулап, 96,6308 сом, рубль 0,21%га жогорулап, 1,0995 сом болууда.