Улуттук банк 19-ноябрга карата чет элдик валюталардын сомго карата расмий курсун жарыялады. Бул тууралуу тийиштүү мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, сом долларга карата 0,01%га, же 84,44 сомго кымбаттаса, еврого карата 0,3%га, 87,466 сомго бааланды.
Ал эми рублдин сомго карата курсу 0,14%га жогорулап, 1,3962 сомду түздү. Теңге өзгөрүүсүз калды.