Кыргызстандын Улуттук банкы 14-февралга карата валюталардын сомго болгон расмий курсун жарыялады. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтында жайгаштырылган.
Такталган маалыматтарга караганда, сом евро, рубль жана теңгеге карата бекемделди.
Евро 0,66%га төмөндөп, 92,5923 сомду түздү.
Ал эми рублдин курсу 0,58%га төмөндөп, 1,1821 сомду түздү.
Теңге 0,36%га арзандап, 0,1918 сомго бааланды.
АКШ доллары бир аз 0,01%га жогорулап, 86,77 сомду түздү.