СӨП Улуу Британия менен экономикалык кызматташууну талкуулады

07.06.2023, 12:56 Акчабар
СӨП  Улуу Британия менен экономикалык кызматташууну талкуулады

Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Улуу Британиянын элчилигинин Убактылуу ишенимдүү өкүлү Шарлотт Сурун менен жолугушту. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушууда эки тараптуу экономикалык кызматташуу маселелери талкууланып, өзгөчө жеңилдиктүү сооданын комплекстүү системасы (ВСП+) программасынын алкагында кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн продукциясын Евросоюз өлкөлөрүнө экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүнө басым жасалды. 

Темир Сариев Кыргызстандын ишкерлери улуу британиянын компаниялары менен ишкер мамилелерди өнүктүрүүгө кызыктар экендигин билдирди.

“Жакынкы арада Улуу Британия бизнесмендер үчүн атайын преференцияларды берүү менен өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн соода схемасын киргизүүдө. Бул схема тарифтерди төмөндөтүүнү, өнүкпөгөн өлкөлөр үчүн товарлардын келип чыгуу эрежелерин жөнөкөйлөтүүнү жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөн Улуу Британияга товарлардын 99 пайызын алымсыз экспорттоо мүмкүнчүлүгүн камтыйт”, - деди Шарлотт Сурун. 

Бул жолугушуу эки тараптуу кызыгууну жана Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого даярдыгын баса белгилеп, ошондой эле кыргызстандык ишкерлер үчүн өз продукцияларын Европа рыногуна экспорттоо жаатында кошумча перспективаларды берди. 

Эске салсак, 2019-жылдын март айында Улуу Британиянын 12 компаниясы Кыргызстанга келип бизнес-коомчулук менен жолуккан. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу