Соода-өнөр жай палатасында Курулуш комитети түзүлдү

10.02.2023, 10:25 Акчабар
Соода-өнөр жай палатасында Курулуш комитети түзүлдү

Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев өлкөнүн ири курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту. Тараптар курулуш тармагында пайда болгон маселелерди, үйлөрдү куруунун сапатын талкуулашты. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден билдиришти. 

Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев Кыргызстанда курулуш бизнеси ишкердик чөйрөсүндө алдыңкы тармак экенин, учурда анын үлүшү ИДӨнүн 17% түзөрүн белгиледи. 

“Түркиядагы жер титирөө бүткүл дүйнөлүк коомчулукту ойлонтту. Бул кайгылуу окуя бизди Кыргызстанда турак жайларды курууда кандай материалдар колдонулат деген ойго салды. Биз бул маселеге өтө кылдаттык менен мамиле жасап, нормаларды ак ниеттүүлүк менен аткарышыбыз керек. Ошону менен бирге, биз курулуш бизнеси үчүн аянтча түзүп, бардык маселелерди чогуу чечүүнү каалайбыз”, - деди ал. 

Курулуш компанияларынын өкүлдөрү бул комитет көп мамлекет менен бизнестин ортосунда көпүрө болот деп ишенишет.

"Бул тармакта чечилбеген маселелер абдан көп, аларды өз убагында чечүү керек. Тилекке каршы, көйгөйлөрдү чечүү үчүн архитектура жана курулуш Мыйзамына жана шаар куруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынат, ошондой эле жаңы оңдоо Мыйзамын кабыл алуу зарылчылыгы бар. Курулуш бизнесинин өкүлдөрү дүйнөлүк тренддердин деңгээлинде болуу үчүн ири эл аралык көргөзмөлөргө катышып, ошондой эле Кыргызстанда ушундай форумдарды уюштурушу керек", - деди "Эмарк групп" курулуш компаниясынын директору Чолпонбек Акматов.

Анын айтымында цемент менен кирпичтен башка көптөгөн курулуш материалдары Россиядан алынат. 

Жолугушуунун жыйынтыгында Соода-өнөр жай палатасынын алдында Курулуш боюнча комитет түзүү чечими кабыл алынды. Талкуудан кийин комитеттин төрагалыгына "Эмарк групп" курулуш компаниясынын директору Чолпонбек Акматовду дайындоо чечими чыгарылды.  

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу