Соодагерлер “Каравандын” сатылышына каршы митингге чыгышты - сүрөт

07.08.2020, 14:16 Акчабар
Соодагерлер “Каравандын” сатылышына каршы митингге чыгышты - сүрөт

Бишкектеги “Караван” соода борборундагы бутиктердин ижарачылары Ак үйдүн алдына митингге чыгышты. Алар соода борбордун сатылышына каршы.

Митингдин катышуучуларынын айтымында, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду соода борборун аукционго койду. Ижарачылар соода борбордун жеке колго өткөрүлүп берилишине каршы чыгып, президент Сооронбай Жээнбековдон бул маселени чечип берүүнү өтүнүштү.

“Азыр Караванды электрондук аукционго коюу маселеси турат. Бул ар бир бутиктин аукциону болот дегенди билдирет - көбүрөөк берген адам ижарага алат. Чындыгында, бул бутиктер көп жылдар бою бизнес тарабынан жайылтылып келген. Андан тышкары, соода борборун мамлекеттин карамагына өткөрүп бергенге чейин, ал Нариман Түлеевге таандык болчу, ошол кезде ижарага алуу укугун сатып алуу практикасы болгон. Адамдар миңдеген долларды инвестициялап, бул укукту бизнес катары сатып алышты. Мындан тышкары, соодагерлер Караванга ижара акысын төлөшөт ”, - деди митингдин катышуучуларынын бири “Акчабар” порталына.

Анын айтымында, соода борбор азыр мамлекетке таандык болгондуктан, адамдар мамлекетке ижара акысын төлөшөт, бирок электрондук соода жөнүндө мыйзам кабыл алынса, мамлекет ар бир бутикти аукционго коюуга мүмкүнчүлүк алат.

Мындан тышкары, нааразычылык акциясынын катышуучулары убактылуу иштебегендиги үчүн ижара акысын жокко чыгаруу маселесин көтөрүштү. Бутик ээлеринин айтымында, дүкөн пандемиядан улам жабылып, чоң чыгымга учурады.

“Соода борборунда 220 бутик иштейт анда көбүнчө аялдар эмгектенишет. Эгерде аялдарды бизнесинен ажыратса, бул адилетсиздик болот”, - деди митингдин катышуучусу.

Тэги: Каараван соода борбору Караван сатылат соодагерлер митингге чыгышты

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу