Жээнбеков Бишкекке кайрадан өзгөчө абал режимин киргизди

12.10.2020, 13:17 Акчабар
Жээнбеков Бишкекке кайрадан өзгөчө абал режимин киргизди

Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын аймагына кайрадан өзгөчө абал режими киргизилди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой, мындай чечим Жогорку Кеңеш үч күндүн ичинде борбор калаанын аймагында буга чейин өзгөчө абал режимин киргизүү жөнүндө маселени карабагандыгы менен негизделген. Ага ылайык, Бишкек шаарынын аймагында 2020-жылдын 12-октябрынан саат 20.00дөн баштап 2020-жылдын 19-октябрына саат 07.00гө чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул учурда жөө адамдардын, коомдук транспорттун жана жеке унаалардын да көчөдө жүрүшүнө тыюу салынат. Бишкекте күндүз жөө жүрүш, пикет, митинг, спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө болбойт.

Ал эми ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев Бишкек шаарынын коменданты болуп дайындалды. 

Тиешелүү жарлык Жогорку Кеңеш кол койгон күндөн тарта күчүнө кирет.


 

 

Тэги: чрезвычайное положение Сооронбай Жээнбеков Бишкек

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу