Сооронбай Жээнбеков Улуттук банкты сынга алды

11.04.2019, 16:53 Акчабар
Сооронбай Жээнбеков Улуттук банкты сынга алды

Digital CASA долбоорунун алкагында региондорду интернет менен камсыздоо, жана регионалдык дата-центрди куруу иштери боюнча даярдык иштери башталууда.Өкмөт жогоруда мен кыскача токтолгон ушул багыттарда аракеттенип жатат.Бирок, заман ыргагынан артта калбаш үчүн мындан да ыкчам темпте иштөөгө чакырам деди Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып. 

 

Азыр элетте бир да толук кандуу банк жок. Электрондук төлөмдөрдү жана мобилдик банкингди өнүктүрүү аркылуу региондорго банктык кызмат көрсөтүүлөр кирет.

 «Улуттук банк бул тапшырманы кечеӊдетип жатат.  Бул ишти активдештирип, тез арада жыйынтык көрсөтпөсө, тийиштүү чаралар көрүлөт.Улуттук банктын алдында дагы бир милдет коюлган. Өткөндө Улуттук диалогдо мен буга кенен токтолгом.Улуттук банк коммерциялык банктарды аймактардагы долбоорлорду каржылоого багытталган стимулдарды сунушташ керек.Коммерциялык банктар ар бир аймактан бирден ири долбоорду каржылаган күндө дагы 25тен ашык долбоорду ишке ашырса болот» деп билдирди Сооронбай Жээнбеков. 

 

Тэги: Сооронбай Жээнбеков Нацбанк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу