Калктын мамлекеттик органдарга болгон ишениминин рейтинги жарыяланды

22.07.2021, 14:00 Акчабар
Калктын мамлекеттик органдарга болгон ишениминин рейтинги жарыяланды

Улуттук статистикалык комитет 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине ишеним индексин түздү.

Ага ылайык, Министрлер кабинетинин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына болгон ишеним жогору, ал эми Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине ишеним аз экендиги аныкталган. 

Мындан тышкары, сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, кыргыз элине Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, Маданият министрлиги, Санариптик өнүгүү министрлиги, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык
мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик ишеничтүү экендиги белгилүү болду. 

Эң аз ишенимди Айыл чарба министрлиги, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги, Энергетика жана өнөр жай министрлиги жана Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетке көрсөтүшкөн.

Сурамжылоо ушул жылдын июнь айында жүргүзүлүп, ага 18 жаштан 75 жашка чейинки 3600 респондент катышкан. 

Тэги: Нацстатком рейтинг доверие к госорганам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу