Италияда Кыргызстандын элчилиги ачылды

10.11.2021, 09:19 Акчабар
Италияда Кыргызстандын элчилиги ачылды

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Италияга жасаган расмий сапарынын алкагында Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчилигинин расмий ачылыш аземи болду.

Элчиликтин ачылыш аземине Италиянын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министринин орун басары Марина Серени, Италиянын ар кайсы шаарларынан келген кыргыз диаспораларынын жетекчилери жана кыргызстандык студенттер катышты.

Анда Италиянын тышкы иштер министринин орун басары эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн жана аны жаңы деңгээлге чыгаруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

"Жакынкы келечекте биз Бишкекте дипломатиялык өкүлчүлүктү ачууну, ошондой эле Кыргызстан менен соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды активдештирүү ниетиндебиз", - деди ал.

 

Тэги: Кыргызстан Италия взаимное сотрудничество

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу