Коммуналдык кызматтарда иштегендердин айлык акысы жети миң сомго жогорулады

17.11.2022, 15:51 Акчабар
Коммуналдык кызматтарда иштегендердин айлык акысы жети миң сомго жогорулады

Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыровдун 15-ноябрдагы буйругуна ылайык, Бишкекте коммуналдык кызмат көрсөткөндөрдүн эмгек акысы 7 миң сомго көтөрүлдү. Бул тууралуу “Акчабарга” Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, айлык акы “Бишкекжарык”, “Тазалык”, “Бишкек жашыл чарба», “Бишкек суу чарба”, “Бишкек сөөк коюу кызматын көрсөтүү агенттиги” муниципалдык ишканаларынын жана мобилизациялык резервдик материалдарды сактоо кызматынын кызматкерлеринин маянасы өстү. Алар тамак-аш жана транспорттук чыгымдарды эске алуу менен кайра эсептелинет.

“Буга чейин административдик-башкаруучу кызматкерлер, инженердик-техникалык кызматкерлер социалдык төлөмдөрдү жана салыктарды кошкондо орто эсеп менен 19 миң сом алышса, эми бул түзүмдөрдүн кызматкерлери 26 миң сомго жакын алышат. Башкы инженердин айлыгы 20 миң сом болсо, көтөрүлгөндөн кийин 27 миң сом болот”, - деп айтылат маалыматта.

Басма сөз кызматынын маалыматына караганда, өндүрүштүк кызматкердин орточо айлык акысы жогорулагандан кийин 22 миң сом, жер тилке жетекчилердики 23 миң сом, негизги жумушчу кызматкерлердики 27 миң сом, атайын техниканын айдоочулардыкы 27,5 миң сомду түзөт.

 

Тэги: новости Кыргызстана заработные платы коммунальные службы мэрия Бишкека

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу