Мамкурулуштун кызматкерлери бир күндүк эмгек акыларын  коронавируска каршы күрөшүүгө бөлүштү

27.03.2020, 11:40 Акчабар
Мамкурулуштун кызматкерлери бир күндүк эмгек акыларын  коронавируска каршы күрөшүүгө бөлүштү

Коронавирус илдетинин жайылып кетүү коркунучун алдын-алуу максатында, КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигиинин кызматкерлери бир күндүк эмгек акыларын Саламаттыкты сактоо министрлигинин эсебине которушту.  Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. 

Бул чечим курулуш агенттигинин кызматкерлеринин коллективдик жыйынында  кабыл алынган. 

Белгилей кетсек, Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Урматбек Кочкоров өзүнүн жеке чечиминен улам бир айлык эмгек акысын дагы коронавирус менен каршы күрөшүүгө бөлдү. 

Коллективдик жыйналыштын жүрүшүндө, Кочкоров кызматкерлерди илдетти жуктуруп албоо үчүн бардык эрежелерди сактоого чакырды. 

 

 

Тэги: борьба с коронавирусом Госстрой перечисление

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу