Бажы кызматкери контрабандага кол кабыш кылган

26.08.2021, 16:35 Акчабар
Бажы кызматкери контрабандага кол кабыш кылган

УКМК кыргыз-тажик чек арасында аткезчилик жол менен ташылган 20 тоннадан ашык күрүчтү аныктады. Мыйзамсыз иш аракетке "Түштүк" бажысынын Ж.Э.С аттуу кызматкери жардам бергенин мекеменин маалымат кызматы билдирди.

УКМКнын маалыматына ылайык, чек ара тилкесиндеги ачык жерлердин тактала электигинен улам, аткезчилик фактылары дагы эле уланууда.

Мындай кылмыштардын белгилүү бир бөлүгү шериктештик менен жөнгө салуу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айрым кызмат адамдарынын камкордугунун натыйжасында да жасалгандыгын көрсөтөт", - деп айтылат маалыматта.

 Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Тэги: экономика таможня Таджикистан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу