Көмүр рыногундагы абалды көзөмөлдөө үчүн комиссиялар түзүлдү

17.11.2021, 09:37 Акчабар
Көмүр рыногундагы абалды көзөмөлдөө үчүн комиссиялар түзүлдү

Монополияга каршы орган көмүр базарындагы абалды көзөмөлдөө үчүн атайын комиссия түздү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул комиссиянын курамына Салык кызматынын, ички иштер органдарынын, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү кирди.

Монополияга каршы агенттиктин басма сөз кызматы билдиргендей, комиссия "Дордой" базарынын аймагында жана шаардын аймагында мониторинг жүргүздү. Алар ашыкча бааны гана эмес, керектөөчүлөрдүн укуктарын бузууну да аныкташкан. Маселен, сатуучулардын ченегичтери туура эмес салмакты көрсөткөн. 

"Белгилей кетсек, комиссиялар республика боюнча түзүлүп, мындай иш-чаралар бардык аймактарда үзгүлтүксүз өткөрүлөт", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Тэги: уголь антимонопольное агентство

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу