Туризм тармагында иштеген кызматкерлердин орточо эмгек акысы 10,7 миң сомду түзөт

09.08.2022, 09:11 Акчабар
Туризм тармагында иштеген кызматкерлердин орточо эмгек акысы 10,7 миң сомду түзөт

Туризм тармагындагы бир кызматкердин орточо айлык маянасы 2021-жылы 10 миң 731 сомду түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу 4,5%га өскөн. Маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Туризм тармагындагы ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлеринин орточо саны 2021-жылы 7,2 миң адамды түздү. Жумушчулардын эң көп саны (23,6%) санаторийлерде жана курорттордо иштеген.

Кыска мөөнөттүү жайгаштыруу үчүн мейманканалар жана башка жайлар тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын көлөмү 1,4 млрд сомду түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу 50%га азайган.

Тэги: туризм зарплата Нацстатком КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу