16-апрелде өткөн аукциондун жыйынтыгында 12-айлык мамлекеттик баалуу кагаздардын орточо кирешеси 6% түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.
Эске сала кетсек, финансы министрлиги 50 млн сом мамлекеттик баалуу кагаздарды ачык жайгаштырууну пландаган.
Кошумчалай кетсек, 20-апрелде Улуттук банк 50 млн сомго 12 айлык баалуу кагаздарды кошумча жайгаштырат. Баалуу кагаздын баасы - 94.28 сомду түзөт.