АКШ USAID аркылуу Кыргызстанда боло турган президенттик жана парламенттик шайлоолорду өткөрүүгө өз убагында жардам көрсөтүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Акча ошондой эле БШКны шайлоону демократиялык стандарттарга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүсүн колдоого жумшалат.
"Бул каражаттар Кыргыз Республикасына инклюзивдүү, эрежелерге негизделген шайлоо реформаларына жана коомдук көзөмөлгө, анын ичинде ЕККУнун жакында болуп өткөн шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясы тарабынан сунушталган өзгөртүүлөргө берилгендигин күчөтүү үчүн кеңири колдоо көрсөтөт", - деп айтылат билдирүүдө.