АКШ сооданы чыңдоого багытталган долбоорлорду колдоого даяр

25.10.2022, 10:20 Акчабар
АКШ сооданы чыңдоого багытталган долбоорлорду колдоого даяр

Кыргызстанда чет элдик инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча либералдык мыйзам базасы түзүлдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кыргыз-америка ишкерлер кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушууда билдирди.

Анда тараптар Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы соода диалогун мындан ары чыңдоо боюнча маселелерди талкуулашты. Министрлер кабинетинин башчысы бул миссиянын жүрүшүндө америкалык компаниялардын өкүлдөрү Кыргызстандын соода-инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн конкреттүү изилдөөгө жана өлкөдө бизнес чөйрөсү менен өз ара пайдалуу байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк алат деген ишенимин билдирди.

“Кыргызстан инвестиция үчүн ачык. Азыр Министрлер кабинети бизнес үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү саясатын жүргүзүп жатат. Чет элдик инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча өлкөдө либералдуу мыйзам базасы түзүлдү”, - деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Ошондой эле ал Кыргызстанда “Жаратмандык өнөр жай паркы жөнүндө” мыйзам иштеп жатканын кошумчалады. Өз кезегинде кыргыз-америка ишкерлер кеңешинин өкүлдөрү уюмду түзүүнүн негизги максаты эки өлкөнүн ортосундагы ишкер мамилелерди өнүктүрүү экенин белгилешти.

“Анын өкүлдөрүнөн турган кыргыз-америка ишкер кеңеши Кыргызстандын улуу достору. Биз эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланышты чыңдоого багытталган демилгелерди колдоого даярбыз”, - деп жыйынтыктады кыргыз-америка ишкерлер кеңешинин төрагасы Филип де Леон.

Тэги: новости Кыргызстана США

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу