АКШ Кыргызстанга Pfizer вакцинасынын дагы 49 миң 140 дозасын тапшырды

14.12.2021, 09:04 Акчабар
АКШ Кыргызстанга Pfizer вакцинасынын дагы 49 миң 140 дозасын тапшырды

Америка Кошмо Штаттары Кыргызстанга пандемияга каршы күрөшүүгө жардам көрсөтүүнүн алкагында COVID-19-га каршы Pfizer вакцинасынын 49 миң 140 дозасын тапшырды. Вакцинаны жеткирүү COVID-19 вакциналарына адилеттүү жеткиликтүүлүктү колдоо үчүн эл аралык демилге - COVAX аркылуу уюштурулган.

“Коопсуз жана натыйжалуу вакциналардын элге жеткиликтүү болушу бул пандемияны жеңүү үчүн абдан маанилүү. Мен бул вакциналар кыргызстандыктардын өмүрүн коргоого жана коркунучтуу жаңы варианттардын жайылышын алдын алууга жардам берет деп ишенем”,- деди АКШнын убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер.

Бул АКШ тарабынан Кыргызстанга берилген Pfizer вакциналарынын экинчи жолу жеткирилиши. Биринчи партия 27-октябрда келген.

“Кыргызстан 49 миң доза өлчөмүндөгү Pfizer-Biontech вакцинасынын кезектеги партиясын алды. Мен АКШ өкмөтүнө жана COVID-19 менен күрөшүүдө бизге жардам берип жаткан бардык өнөктөштөрүбүзгө терең ыраазычылык билдиргим келет. Pfizer-Biontech вакциналары кыргызстандыктарга октябрь айынын аягында жеткиликтүү болуп, 30 миңден ашуун адам эмдөөдөн өткөн. Биз баарыбыз эмдөө COVID-19 менен күрөшүүнүн эң натыйжалуу жолдорунун бири экенин түшүнүшүбүз керек. Биз биргелешкен күч-аракет менен коронавирустук пандемияга туруштук бере аларыбызга ишенем”, - деди Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Пандемия башталгандан бери, АКШ Кыргызстанда COVID-19 илдетин алдын алуу, аныктоо жана дарылоо үчүн 9 млн доллардан ашык каражат бөлүп берген. Андан тышкары, бул акча жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга, лабораторияларды модернизациялоого, медициналык жана башка адистерди окутууга багытталган.

АКШ COVID-19 пандемиясын токтотуу, анын терс социалдык жана экономикалык кесепеттерин жумшартуу жана келечектеги эпидемияларга туруштук берүүгө даярдыгын жогорулатуу үчүн Кыргызстан менен өнөктөштүктү улантат.

Тэги: COVAX COVID-19 США

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу