Статистика: Бажы жана жаза аткаруу кызматы элдин ишеничин актай албаган орган катары аныкталды

11.02.2020, 11:30 Акчабар
Статистика: Бажы жана жаза аткаруу кызматы элдин ишеничин актай албаган орган катары аныкталды

Мамлекеттик органдарга болгон калктын ишеничин аныктоо боюнча, 2019 - жылдын II жарым жылдыкта жүргүзүлгөн рейтингдин жыйынтыгында үч мамлекеттик структура: Мамлекеттик бажы кызматы, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду жана Мамлекеттик жаза аткаруу  кызматы элдин ишеничин актай албаган орган катары эсептелинди. Бул тууралуу 11 - февралда өткөн маалымат жыйында Улуттук статистика комитетинин өкүлү Ырыскан Калымбетова билдирди. 

Анын айтымында, 100 балл ичинен бажы кызматы - 4,1 балл, ММБФ - 16,7 балл, жаза аткаруу кызматы - 11,6 балл топтогон. 

Динамиканын жыйынтыгы менен бажы кызматы, 2019 - жылдын I жарым жылдыгында 5,9 балл, мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду - 19,1 балл топтогон. Муну менен катар аталган ведомстволорго болгон калктын ишеничи төмөндөп бара жатканы байкалат. 

Жыйынтыктын негизинде алынган анализ стратегиялык изилдөө институту менен бекитилген. Ал эми жергиликтүү мамлекеттик админстрация 47,6 балл алып, калктын ишеничин жогору актаган мамлекеттик орган катары бааланды. 

 

Тэги: статистика бажы кызматы жаза аткаруу кызматы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу