Кыргызстанда 2019-жылы түрткү берүүчү гранттардын эсебинен 247 долбоор ишке ашырылат

01.04.2019, 17:34 Акчабар
Кыргызстанда 2019-жылы түрткү берүүчү гранттардын эсебинен 247 долбоор ишке ашырылат

Кыргызстанда 2019-жылы түрткү берүүчү гранттардын эсебинен 247 долбоор ишке ашырылат. Бул  тууралуу  Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги кабарлады. 

Быйылкы жылга Кыргызстанда республикалык бюджеттен түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 599 млн 699,5 миң сом суммасында каржылана турган 247 долбоор бекитилди. Бул тизме 2019-жылдын 15-мартында 2019-жылы түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду ишке ашырууга бекитүү боюнча комиссиянын отурумунун протоколуна ылайык бекитилди.   

Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында «түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттар» беренеси боюнча 600 млн сом каралган. 

Дем берүүчү гранттардын каражаттарынын региондор боюнча бөлүштүрүлүшү:  

п/п

Региондордун аталышы

2019-жыл

Объекттердин саны

Түрткү берүүчү гранттардын көлөмү (миң сом)

 

Республика боюнча бардыгы

247

599 699,5

 

анын ичинде:

 

 

1

Жалал-Абад областы

59

132 044,4

2

Ош областы

37

97 197,4

3

Чүй областы

44

101 561,5

4

Нарын областы

24

59 397,7

5

Ысык-Көл областы

40

94 932,7

6

Баткен областы

25

67 327,3

7

Талас областы

18

47 238,5

Каражаттардын категориялар боюнча бөлүштүрүлүшү:                                                 

п/п

Категориялар

2019-жыл

Объекттердин саны

Түрткү берүүчү гранттардын көлөмү (миң сом)

1

Мектептер

78

178387,0

2

Бала бакчалар

39

99046,3

3

Маданий маанидеги объекттер

29

69690,5

4

Саламаттык сактоо объекттери

12

27920,8

5

Инженердик-коммуникациялык инфраструктура объекттери

45

115381,8

6

Спорт багытындагы объекттер

29

72777,4

7

Административдик маанидеги объекттер ж. б.

15

36495,8

 

Бардыгы

247

599 699,5

Маалымат иретинде:

Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар – аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттердин жана башка тартылган каражаттардын үлүштүк катышуусу менен долбоордук-конкурстук негизде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына республикалык бюджеттен берилүүчү акча каражаттары.

Долбоорлорду каржылоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары берген отчёттордон көз каранды (суралган суммага жана үлүштүк (дем берүүчү) гранттын талап кылынган көлөмүнө жараша, грант, отчёт тапшырылгандан кийин, долбоордун тибине жараша (өздүк, тартылган, республикалык бюджеттин) каражаттардын өздөштүрүлүшүн эске алуу менен бөлүп-бөлүп берилет).

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары курулуш иштерин аткаруу үчүн подряддык уюмдарды аныктоо максатында тендердик жол-жоболорду өткөрүшөт, тендердин жыйынтыгы боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары түзүлгөн келишимдерди бериши зарыл, бул келишимдерге ылайык үлүштүк (түрткү берүүчү) гранттардын эсебинен каржылоо ишке ашырылат.

Тэги: финансирование бюджет стимгранты

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу