Brent мунайынын бир баррелге болгон баасы 16 $ чейин төмөндөп кетти

22.04.2020, 12:00 Акчабар
Brent мунайынын бир баррелге болгон баасы 16 $ чейин төмөндөп кетти

Brent маркасындагы мунайдын  22-апрелге карата баасы түшүп кетти. Мунун себеби, мунай сактоочу орун жетишсиз болгондуктан энергетикалык комплекс кризиске туш болууда. Бул тууралуу MarketWatch порталы билдирди. 

Brent маркасындагы мунайдын бир баррелге болгон баасы 16.24 $ чейин төмөндөп кеткен. Мындай көрсөткүч 2001-жылдын 19-ноябрынан берки алгачкы ирет катталды. 

Brent маркасындагы мунайдын бир баррелге болгон бүгүн саат 07:30 ччамасында 18.50 $ - 19.00 $ чейин бааланып, кайра 15.99 $ түшүп кеткени маалым болду. Бул тууралуу Investing порталы билдирди. Азыркы учурда Brent мунайынын бир баррелге болгон баасы 16.8 $ түзүүдө. 

 

 

WTI мунайы 11 $ дагы төмөндөп кетти. Таңкы саат 05:45 чамасында 14.02 $ бааланган. 

 


 

Тэги: нефть коронавирус brent

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу