Мэрия көмүрдүн баасын көзөмөлдөйт

09.10.2021, 11:34 Акчабар
Мэрия көмүрдүн баасын көзөмөлдөйт

Бишкекте көмүрдүн баасы көзөмөлгө алынууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, борбордун көмүр кампаларына мэриянын жетекчилиги жана Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги барган.

“Отун базаларында “Шабыркүл” жана “Кара-Жыра” маркасындагы казак көмүрү жана жалпы көлөмү 1000 тоннадан ашкан жергиликтүү “Кара-Кече” көмүрү бар. Казак көмүрүнүн баасы туруктуу жана тоннасы 4,5 миң сомду түзөт, жергиликтүү көмүрдүн тоннасы 4,9-5 миң сом болууда. Жергиликтүү көмүрдүн баасын шахтадан отун ташуу менен алектенген адамдар жасалма түрдө жогорулатып жатканы да жок эмес”, - деп билдиришти борбордук мекеменин басма сөз кызматы.

Мэрия бааны жасалма түрдө жогорулатуу маселесин тиешелүү укук коргоо органдары чечерин убада кылды.

Тэги: бурый уголь мэрия Бишкека

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу