Бишкек - Кара-Балта жолунун курулуш иштерине 31.6 млн $ жумшалган

22.04.2020, 09:20 Акчабар
Бишкек - Кара-Балта жолунун курулуш иштерине 31.6 млн $ жумшалган

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бишкек – Кара-Балта автожолунун курулушу менен таанышты. 

«Графиктен артта калып жатканыңыздарды көрүп турам. Бул көптөгөн долбоорлордун биздин өлкөдө гана эмес, дүйнө жүзүндө пандамиядан улам токтоп турушуна байланыштуу. Мурда башталган долбоорлорду улантып, акырындык менен мурдагы жашоо нугуна кайтуу керек. Карантин бүткөндө жол кыймылы олуттуу түрдө кеңейет. Ошондуктан кыймыл аз кезде бардык татаал иштерди аткаруу керек. Бул стратегиялык автожолдун курулушун бүткөрүү үчүн бизде каражат бар», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев жолчуларга.

Бүгүнкү күнгө карата Бишкек - Кара-Балта унаа жолун реконструкциялоонун алкагында асфальт-бетон төшөлгөн: жолдун 29,4 чакырымына органикалык минералдык катмар жана 23 км төмөнкү катмар төшөлгөн, алардын ар биринин калыңдыгы 9 см. Курулуш иштерине 31,6 млн АКШ доллары жумшалган. Учурда унаа жолдун оңдолуп жаткан  45,1 чакырым тилкесинде жол салуу иштери 45% аткарылды. 

Бишкек - Кара-Балта тилкеси Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган «Борбор Азия аймактык экономикалык кызматташуусунун транспорттук коридорун жакшыртуу – 3 (Бишкек – Ош унаа жолу 4-фаза)» долбоорунун алкагында калыбына келтирилүүдө.

 

 

Тэги: строительные работы Бишкек-Кара-Балта

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу