Сот «Антошка» түйүнүнүн ээсин эки жыл мурун чыккан өрт боюнча күнөөлүү деп тапты

16.12.2021, 12:10 Акчабар
Сот «Антошка» түйүнүнүн ээсин эки жыл мурун чыккан өрт боюнча күнөөлүү деп тапты

“Антошка” коомдук тамактануу жайларынын бири 2019-жылдын ноябрь айында газ баллондун жарылуусуна жана өрттүн чыгуусуна алып келгендигине байланыштуу Биринчи Май райондук соту тамактануучу жайдын ээсин өрт коопсуздук эрежелерин бузгандыгы үчүн күнөөлүү деп тапты.

Ошондой эле, сот өрттүн кесепетинен “Антошка” түйүнүнүн кассири каза болгондугуна байланыштуу аны Кылмыш-жаза кодексинин 135-беренесинин 1-бөлүгү “Кокустуктан адам өлүмүнө алып келүү” боюнча күнөөлүү деп тапты.

Кылмыш ишин ачык сотто карап, сот ишкерди эки жылга коомдук тамактануу тармагында ишкердик менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жыл алты айга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Ошону менен бирге сот Кылмыш-жаза кодексинин 83-беренесинин негизинде ишкерди бир жылга шарттуу көзөмөлдү колдонуу менен эркинен ажыратуу жазасын өтөөдөн бошотту.

Мындан тышкары, сот коомдук тамактануу тармагынын ээсин эки жабырлануучунун ар бирине 50 миң сомдон моралдык чыгым төлөп берүүгө милдеттендирди.

Эске салсак, 2019-жылдын ноябрында “Антошка” коомдук тамактануу жайларында болгон жарылуудан бир кассир кыз каза болуп, дагы 11 адам ар кандай деңгээлде жарадар болгон.

Тэги: Антошка общепит предприниматель суд

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу