Орусия башка мамлекеттерге берген насыясын ашыгы менен кайтарып алды

05.02.2020, 15:10 Акчабар
Орусия башка мамлекеттерге берген насыясын ашыгы менен кайтарып алды

Орусиянын берген жана алган насыялык каражаттарынын айрымасы 25 млрд рублди түзгөн. Бул тууралуу «РИА Новости» кабарлады.

Федералдык казыналык менен Эсеп палатасынын маалыматы боюнча, 2019-жылы Орусия чет элдик мамлекеттер менен уюмдарга жалпы суммасы 215 млрд рубль өлчөмүндө насыя берген жана ошол эле убакыт аралыгында 250 млрд рубль казынага кайтарылган.

Кайтарылган чет элдик мамлекеттик насыялардын саны берилген каражаттардан жогору болгондугу биринчи кезекте 2019-жылдын сентябрь айында Кипр тарабынан 1,6 млрд евро өлчөмүндөгү насыяны мөөнөтүнөн эрте кайтарылгандыгына жана Беларус менен мамилелердин өзгөрүшүнө байланыштуу: буга чейин Москва Минскиге эски карыздарын жабуу үчүн жаңы карыздарды туруктуу берип келген, бирок 2019-жылы Орусия 600 млн доллар өлчөмүндөгү мындай карызды берүүгө акырына баш тартып келген.

 

 

 

 

Тэги: выплаченные кредиты иностранные госкредиты Россия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу