14-жаштагы Мариям Рыскулова Цукербергдин $400 000 доллары үчүн күч сынашууда

18.06.2019, 16:05 Акчабар
14-жаштагы Мариям Рыскулова Цукербергдин $400 000 доллары үчүн күч сынашууда

14-жаштагы Мариям Рыскулова Цукербергдин $400 000 доллары үчүн күч сынашууда. Жаш кыргыз кызын колдойлу. 

 Марка Цукерберг  менен Сергея Брининдин байгеси үчүн 9 классты аяктап, Борбордук Азия Университетинин инновациялык колледжине тапшырган Мариям Рыскулова күч сынашууда. Ээринбей ( YouTube) каналына кирип, ага добуш берип, Колдоңуз!

Мариям Рыскулова  англис тилиндеги Breakthrough Junior Challenge сынагына катышып жатат. Кыргызстандык Мариям Рыскулова  полиморфизм-  физикалык кубулушун тандап алган. Анткени бир эле зат ар кандай кубулуштан улам ар кандай атомдук түзүмгө  айланат. Сынактын байгелик фонду $400 000! Анын ичинде $250 000  сынактын жеңүүчүсү алса (байгени билим алууга гана жумшай алат), $50 000 - илимге кызыгуусун ойготкон устатына сыйлык, дагы  $100 000 - ал окууган окуу жайга илимий лабораториянын жабдуулары менен каржылоого каралган. Анда жаш кыргыз кызы илим боюнча акыл таймашка чыкты. Бул жыл сайын уюштурулган абюройлуу сынак. Бйыл үчүнчү жолу уюштурулду. Анын максаты илимди жаштар арасында жайылтуу. Сынакка  13 -жаштан 18 -жашка чейинки Дүйнө жүзүнөн балдар-кыздар катышып, анда илимий теория же концепцияны видоролик аркылуу кызыктуу айтып берүү керек.

Каарга калган калай 

Англист тилиндеги видонун башында Мариям жүз жыл аралыкта жүргөн эки тарыхый окуянын мисалында окуяны айтып берет. Анда биринчи окуя- бул Наполеондун Россияга 1812-жылы жасаган аскердик кол салуусу эмнеге ийгиликсиз аяктаганы тууралуу. Экинчи трагедиялык окуя 1912-жылы Түндүк уюлду ачкан англиялык Роберт Скоттун экспедициясы. 

Биринчи жана экинчи окуянын ортосунда жүз жыл айрыма болгоуна карабай, бир гана зат аларда чечүүчү роль ойногон. Ал кадики эле калай.  Наполендун жоокерлеринин топчусу калайдан болгон. Ал эми англиялык экспедициянын керосиндери калай менен курчалып, байланган. Керосин моточаналарга алынган. Ошентип, кыштын ызгаардуу суугуна жеткенде калай күлгө айланып кетип, эки учурда тең окуялар трагедия менен аяктаган. 

 Мариям  илимдеги кубулушту  окумуштуу катары айтып жатып, полиморфизмге  токтолду. Кубулушка илимий  түшүндүрмө берип, адамдар ортосундагы карым-катнашка пареллель жасады.

"Меним байкашымча адамдар менен дагы ушул окуялар кайталанат: алардын  журүм туруму жана ички жан дүйнөсү тышкы тассирден улам өзгөрөт. Эгерде адамды жылуулук, сүйүү менен курчаса, анда ал ишенимдүү болуп, калай сыяктуу катып,  α- темирден  γ-темирге кубулат (темирдин гаммасы альфа темирге караганда- Fe өтө каттуу модификациясы, Альфа-темир жогорку темпиратурада катыйт). А эгер адамды  мээрим менен жылуу мамиледен үзсө, анда ал калайдай муздакта күлгө айлангандай, ишенимсиз, күкүм же күлгө айланып кетет", - деп жыйынтыктаган видеотасмасын Мариям.

 

Breakthrough сыйлыгы бир нече жыл мурда негизделип, дүйнө жаштарын илимге кызыктыруу үчүн жарыланган. Google негиздөөчүсү Сергей Брин, анын мурдагы жубайы, америкалык бизнес-айым Энн Воджицки, Юрий  менен Юля Мильнер, ошондой эле, Facebook ээси Марк Цукерберг жана анын аялы, педиатр Присцилла Чан биригип, келечекке инвестиция жасашкан.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу