Тажикстанда азык-түлүктүн баасы кескин кымбаттады

06.03.2020, 16:00 Акчабар
Тажикстанда азык-түлүктүн баасы кескин кымбаттады

Тажикстан базарларында эки күндөн бери коронавируска байланыштуу айың кептерден улам базарларда болуп көрбөгөндөй дүрбөлөң өкүм сүрүүдө. Эң керектүү азык-түлүктөргө суроо-талап жогорулагандыктан, баа дээрлик эки эсеге кымбаттады. Бул тууралуу «Азаттык» басылмасы жазды. 

Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги Тажикстанда коронавирус инфекциясы катталбаганын билдирүүдө.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Шодихон Жамшед 5-мартта материалдык резервде эки жылга жеткендей азык-түлүк запасы бар экенин маалымдаган.

Бирок бейшемби күнү эртең менен соода түйүндөрүндө ун жана башка азык-түлүктөргө кезекке турган учурлар катталды. Бири-бирин түртүшкөн элдин көптүгүнөн милиция кызматкерлери коомдук коопсуздук чараларын күчөтүштү.

Бул арада Тажикстан Ислам борборунун Уламалар кеңеши жаназадан башка учурда жапырт намаз окууну токтото туруу боюнча кайрылуу жасады. Өлкөдө Нооруз майрамына карата өтө турган салттуу жүрүштөргө тыюу салынды.

Тажикстандык журналист Азиз Накибзоддун пикиринде, бийликтин кескин чаралары калк арасындагы дүрбөлөңгө себеп болгон.

«Мечиттерде намаз окууга тыюу салынгандан кийин эле эл көйгөй башталды деп ойлонуп калды», – деди ал.

Соңку маалымат боюнча Кытайдан тышкары 70 өлкөдө катталган коронавирус дээрлик 80 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 3 миңден ашуун адам каза болду, 52 миңдейи айыгып чыкты.

Тэги: Тажикстан азык-түлүк баа кымбат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу