Тажикстан менен Россиянын ортосунда чартердик каттамдар жандандырылды

04.11.2020, 14:15 Акчабар
Тажикстан менен Россиянын ортосунда чартердик каттамдар жандандырылды

Россия менен Тажикстандын ортосундагы чартердик каттамдар калыбына келтирилди. Бул тууралуу Тажикстандын Москвадагы элчиси Имомуддин Саттори билдирди.

 

«Ноябрда күнүнө бештен каттам аткаруу пландалууда — экөөнү Москвадан, калганын Россиянын башка шаарларынан. Чартердик каттамдардын саны каалоочулар азайганда кыскартылат», — деди элчи.

Апта башында Москвадагы «Домодедово» аэропортунда Тажикстандын 200дөн ашык жараны мекенине кете албай турганы кабарланган. Анда «Озоди» радиосу өз булактарына таянып, буга Россиянын Росавиация мекемеси «Сомон Эйр» авиакомпаниясына 1-ноябрга караган түнү Москва-Душанбе багыты боюнча эки чартердик каттамды аткарууга уруксат бербегендиги себеп болгонун билдирген.

Бирок Тажикстандын Россиядагы элчиси чартердик каттамдар «техникалык себептерден улам» аткарылбай калганын айтууда.

Тажикстан коронавирус инфекциясынын жайылуусун алдын алуу максатында аба каттамдарын марттын аягында токтоткон. Азырынча Россия менен Тажикстандын ортосундагы ырааттуу аба байланышы качан калыбына келе турганы белгисиз. Тажик бийлиги июлда эле каттамдарды жандандырууга даяр экенин билдирип, Россиянын тиешелүү органдарына расмий кайрылуу жөнөткөн.

Тэги: Россия Тажикстан чартердик каттам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу