Бажы кызматкерлери 1,8 млн сомдук аткезчилик жүктү аныкташты

13.10.2021, 09:09 Акчабар
Бажы кызматкерлери 1,8 млн сомдук аткезчилик жүктү аныкташты

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери аткезчиликти токтотту, кармалган товардын баасы 1,8 миллион сомду түздү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тактап айтканда, Ош облусу боюнча ыкчам бажы кызматкерлери Кыргызстандын жараны башкарган Мерседес-Бенц унаасын токтотушкан. Унааны текшерүү учурунда жалпы салмагы 12 миң 242 кг курулуш техникасынын ассортименти табылган.

Жалпы баасы 1,8 миллион сомдук товар ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузуу менен кошуна мамлекеттен алынып келинген. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Тэги: контрабанда Кыргызстан таможня

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу