Чек арада 2.8 млн. сомго мыйзамсыз уюлдук телефон ташып келе жаткандар кармалды

19.09.2019, 10:40 Акчабар
Чек арада 2.8 млн. сомго мыйзамсыз уюлдук телефон ташып келе жаткандар кармалды

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Ыкчам” бажысынын кызматкерлери тарабынан 2019-жылдын 16-сентябрь күнү ОШ шаарында Кыргыз Республикасынын жараны Т.Н.Анын башкаруусундагы “Lexus GX460” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты токтотулуп текшерилген.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын салонун текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 120 даана “SAMSUNG Galaxi A20” жана 110 даана “SAMSUNG Galaxi A30” маркасындагы чөнтөк телефондор табылган.

Айдоочуну токтоткон учурда ЕАЭБтин аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес. Кармалган товардын жалпы наркы 2 885 000 сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Тэги: ГТС контрабанда ЕАЭС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу