Аты-жөндү канча каражатка өзгөртсө болот? Мамлекеттик каттоо кызматынын прейскуранты

17.12.2020, 11:00 Акчабар
Аты-жөндү канча каражатка өзгөртсө болот? Мамлекеттик каттоо кызматынын прейскуранты

Калкты каттоо жана жарандык абалдын актылары департаменти тарабынан шашылыш түрдө мамлекеттик акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин прейскуранты белгиленди. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Ысымын тез арада өзгөртүү жана жарандык абалдын актыларына тез арада өзгөртүүлөрдү же толуктоолорду киргизүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы 585 сомду түздү.

Шашылыш кызматтар арыз берилгенден кийин 1-3 күндүн ичинде маалымат базасында маалыматтын болушуна жараша көрсөтүлөт. Кадимки режимде, кызмат 10 жумушчу күндүн ичинде көрсөтүлөт.

Аталган кызматтардын актуалдуулугу жарандардын сунуштары боюнча келип чыккандыгы белгиленди. Бул чара каражат түздөн-түз бюджетке түшүшү үчүн документтештирүүнү тездетүүдө коррупциядан алыс болууга жардам берет.

Бул мамлекеттик кызматтардын тарифтеринин прейскуранты Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан бекитилген деп айтылат маалыматта.

 

Тэги: экономика 10 сомдон жогору ГРС услуги ГРС антимонопольное законодательство

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу