Тармактык бизнеске чакырып, элдин акчасын бербей, качып жүргөн аял кармалды

18.02.2020, 17:45 Акчабар
Тармактык бизнеске чакырып, элдин акчасын бербей, качып жүргөн аял кармалды

Бишкекте тармактык соода маркетинги аркылуу жарандардан 420 миң сом чогултуп алып, бербей качып жүргөн Н.А. аттуу аял кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБи билдирди. 

Маалыматка ылайык, Н.А. атуу аял 2017-жылдын февраль айында Бишкектен «Мега Трейд» аталыштагы тармактык маркетингин түзгөн. Анда ал жарандарды тармактык бизнеске тартып, баш-аягы 420 миң сом өлчөмдө акча чогултуп алып, бирок убадасын аткарбай качып кеткен. Жыйынтыгында жабырлануучулар укук корго органдарына кайрылышкан. 

 

Арыздын үстүнөн иш алып барган Октябрь РИИБдин кызматкерлери шектүү делген аялды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди. Ал 1974-жылы туулган Н.А. атуу аял болгон. 

Бул факт «алдамчылык» беренеси менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. 


 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу