Тармактык комитет банктарды колдоого багытталган мыйзам долбоорун колдоду

27.05.2020, 10:20 Акчабар
Тармактык комитет банктарды колдоого багытталган мыйзам долбоорун колдоду

Бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңештин  Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети  «Кыргыз Республикасынын  Улуттук банкы,  банктар  жана банк иштери жөнүндө»  мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү карады.

 

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев  256 млн. сомду  мамлекеттик резервге багыттоону сунуштады. Депутаттын пикири боюнча, ал каражат кайсыл  секторго жумшаларын парламент чечүүгө тийиш. Бул сунушту депутат Акылбек Жапаров да колдоп, бүт акчанын баары мамлекеттик резервдер фондусуна түшүүгө тийиш деген пикирин билдирди.

«Биз жок дегенде 10 млрд. сомду коммерциялык банктардын айланма  капиталына берели. Ошондо 4 пайыздан субсидиялайбыз. 250 млн.сомдон кайра Улуттук банкка берип коебуз. Каржы министрлиги да, Улуттук банк да эч нерсе жоготпойт. Бирок, экономика кошумча түрдө 10 млрд. сом алат», — деди Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде Каржы министрлигинин өкүлү бул сунушту карап чыкканга даяр экендиктерин  билдирди. Мыйзам долбоору Дастан Бекешовдун сунушун эске алуу менен 2-окууда кабыл алынды.

Тэги: Тармактык комитет банктарды колдоо Мыйзам долбоору

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу