Ташкент-Душанбе аба каттамын калыбына келтирүү кийинки жылга чейин жылдырылды

29.10.2020, 16:42 Акчабар
Ташкент-Душанбе аба каттамын калыбына келтирүү кийинки жылга чейин жылдырылды

Өзбекстан менен Тажикстандын расмий өкүлдөрү Ташкент жана Душанбе шаарларынын ортосунда аба байланышын калыбына келтирүүнүн так мөөнөтүн аныкташа элек.

Октябрдын ортосунда тараптар эки шаардын ортосундагы аба байланышын 1-ноябрга чейин калыбына келтирүү маселесин талкуулашкан. «Азия-Плюс» басылмасы өз булактарына таянып, көп өтпөй бул мөөнөт 1-декабрга жылдырылганы, азыр каттамдарды 1-январдан тартып аткара баштоо каралып жатканын билдирүүдө.

Булактын айтымында, бул боюнча акыркы чечим кабыл алууга эки өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын оордугу себеп болууда.

Ал ортодо Тажикстандын Жарандык авиация агенттиги Ташкентке каттамдарды аткарууга уруксат алганы, бирок алгачкы каттамдын датасы белгисиз экени кабарланууда.

Агенттиктин кызматкери жакынкы күндөрү эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү онлайн-жолугушуу өткөрүп, каттамдардын жадыбалы бекитиле турганын билдирди.

Ташкент менен Душанбенин ортосундагы аба байланышы 16-мартта коронавирус пандемиясына байланыштуу убактылуу токтотулган.

Тэги: авиакаттам, авиа билет, Ташкент-

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу