«Тазалык» ишканасы мамлекетке 15 млн сомдон ашык зыян келтиргени аныкталды

15.02.2022, 12:43 Акчабар
«Тазалык» ишканасы мамлекетке 15 млн сомдон ашык зыян келтиргени аныкталды

Бишкек мэриясына караштуу “Тазалык” муниципалдык ишканасы тарабынан бюджеттен бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз коротуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган ишкана тарабынан акча каражаттарын мыйзамсыз төлөп берүү жана товардык-материалдык баалуулуктарды эсептен чыгаруу фактыларынын негизинде мамлекетке 15 млн 191 миң 500 сом зыян келтирилгендиги такталды.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 339-беренеси (“Билип туруп пайдасыз контракт түзүү”) жана 346-беренеси (“Кызматтык жасалмачылык”) менен кылмыш иши козголуп, Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Тэги: Башкы прокуратура

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу