«1000 мелочей» быйылкы жылдын I кварталын 1,1 млн сом жоготуу менен аяктады

13.05.2022, 09:18 Акчабар
«1000 мелочей» быйылкы жылдын I кварталын 1,1 млн сом жоготуу менен аяктады

“1000 мелочей” соода үйүушул жылдын биринчи кварталын 1 миллион 104,1 миң сом чыгым менен жыйынтыктады. Мындай маалыматты компания Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жайгаштырылган кварталдык отчетунда берди.

Белгилеп кетсек, кварталдын башында соода үйүнүн чыгымы 3 млн 465,2 миң сомду түзгөн. Ишкана 2 миллион 361,1 миц сомдук зыяндын ордун толтурууга жетишкендигин эске алсак, “1000 мелочей” дүкөнү үчүн быйылкы жылдын алгачкы үч айы ийгиликтүү болду деп корутундулоого болот.

Кошумчалай кетсек, 29-апрелде соода үйүнүн акционерлеринин жылдык жалпы чогулушу болуп өттү. Анын жүрүшүндө баалуу кагаздардын ээлери аткаруу органынын 2021-жылга отчетун, жылдык балансын, 2021-жылга пайда жана чыгашалар эсебин жана коомдун 2022-жылга жылдык бюджетин бекитишти.

Мындан тышкары акционердик коомдун директорлор кеңеши шайланып, анын курамына беш адам кирди.

Тэги: ТД 1000 мелочей доходы убыток акционеры

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу