Темир жол кыймылы калыбына келиши мүмкүн

28.09.2020, 14:45 Акчабар
Темир жол кыймылы калыбына келиши мүмкүн

Эл аралык каттамдарды жандандырууда өлкөдөгү эпидемиялык кырдаалга таасирин тийгизбей турган чаралар колдонулат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди. 

«Ички жана тышкы миграцияны кыскартуу максатында колдонулган радикалдуу чаралардын натыйжасында биз ооругандардын санын кыскартууга жетише алдык. Биз ар кайсы чөйрөлөрдө байланыш түзгөн, анын негизинде эпидемиялык көрсөткүчтөр алар менен болгон байланышты жандандырууга шарт түзгөн 50 өлкөнүн тизмесин Тышкы иштер министрлигинен алдык. Анын ичинен 33 өлкөгө биздин өлкөгө кирүүгө уруксат бердик», - деп билдирди Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев.

 


Анын айтымында, тизме айына 2 жолу текшерилип турат жана ТИМдин сунушу боюнча тизме толукталат.

 

«Мындан тышкары темир жол кыймылын калыбына келтирүү маселеси талкууланат. Бул жерде коронавирустун киришин алдын алуу жана жайылтпоо үчүн атайын алгоритм иштелип чыкты», - деп кошумчалады ал.

Н.Усенбаев белгилегендей, эл аралык каттамдарды жандандырууда өлкөдөгү эпидемиялык кырдаалга таасирин тийгизбей турган чаралар колдонулат. Бул үчүн катуу көзөмөл түзүлгөн. СКПдан дене табы текшерилет, оорунун белгилери бар жарандар изоляцияланат, изилденет жана андан кийин гана биздин өлкөгө кирүү маселеси чечилет.

Тэги: авиа каттамдар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу