2020-жылдын январь-февраль айында ички дүң продуктунун көлөмү алдын-ала коюлган баа боюнча 69 млрд сомду түздү. 2019-жылдын январь-февраль айларына салыштырмалуу 4.3% жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
«Кумтөр» ишканасын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 2020-жылдын январь-февраль айында 61 млрд сомду түзүп, 3.3% жогорулаган.