Ноокат районунун Кара-Таш айыл аймагынын кире бериш жагына арка орнотуу үчүн 909 миң сомго тендер жарыяланды. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталынын расмий сайтында маалымдалат.
Жарыя бүгүн, 17-ноябрда чыккан. Маалыматка ылайык, тендер бир этап менен өткөрүлөт.
Эске салсак, буга чейин каржы министрлиги COVID-19 пандемиясынын кесепетинен улам, бюджеттин чыгымдарын оптимизациялоо керектигин билдирген. Буга байланыштуу министрлик бир катар чыгымдарды, тагыраагы ыкчам керек эмес болгон товарларды, сатып алууларды каржылоону токтоткон. Буга чейин түзүлгөн келишимдерди каржылоону 2021-жылга калтыруусу айтылган.