Тендерлер боюнча иликтөө: 2 миң сомдук жеке коргонуучу кийимдер 6 миң сомдон сатылган

02.07.2020, 15:30 Акчабар
Тендерлер боюнча иликтөө: 2 миң сомдук жеке коргонуучу кийимдер 6 миң сомдон сатылган

Финансы полициясы жеке коргонуу каражаттарын жана медициналык беткаптарды сатып алуу боюнча мамлекеттик органдар февраль айында жарыялаган тендерлерди иликтеп чыкты. Бул тууралуу «Азаттык»  жазып чыкты. 

 

Маалыматка ылайык, бул факт март айында Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ушу тапта сотко чейин иштер жүрүүдө. Анын жыйынтыгында тиешелүү тараптарга укуктук баа берилет.

«ПолитКлиника» онлайн-медиасы 1-июлда медициналык каражаттарды сатып алууга байланыштуу иликтөө жарыялаган. Ага ылайык, 163 млн. 974 миң 315 сомдук тендер уюштуруу пландалган. Жалпысынан 2136 тендер өтүп, анын ичинен 1075 тендер ишке ашырылган. Ишке ашкан тендерлердин жалпы суммасы 116 млн. 607 миң 925 сомду түзгөн. Жарыяланган 2136 лоттун 46% түз келишим түзүү жолу менен өткөн.

 

Иликтөөдө мамлекеттик сатып алуу иштеринин ичинен жеке коргонуу каражаттары менен беткаптардын баалары талдоого алынган. Анда базар баасы эки миң сомдон ашпаган жеке коргонуу кийими алты миң сомдон, респиратордук беткаптын бир даанасы 300-400 сомдон алынган. Бирок маскалардын базар баалары 30 сомдон 150 сомго чейин экени иликтөөдө көрсөтүлгөн. Баасы он сомдон ашпаган бир жолу колдонулуучу масканын бир даанасы дүңүнөн 25 сомдон алынганы белгиленген.

Мамлекеттик сатып алуу иштерине 443 тарап катышкан. Алардын ичинен 310 катышуучу юридикалык тарап, 113ү жеке адамдар. Арасында медицина тармагына тиешеси жок багытта иш алып барган фирмалар да бар. Мындай фирмалар тендерге катышкандардын 34% түзөт. 

Тэги: Финансы полициясы каражат медициналык беткап мамлекеттик орган

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу