Эми айдоочулук күбөлүк жана паспортту «Түндүк» тиркемеси аркылуу алууга болот

23.11.2022, 10:41 Акчабар
Эми айдоочулук күбөлүк жана паспортту «Түндүк» тиркемеси аркылуу алууга болот

Эми "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу паспорт, айдоочулук күбөлүк жана унаанын каттоо күбөлүгүн онлайн берүүгө болот. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Документтер "Түндүк" мобилдик тиркемесинин "Санариптик документтер" бөлүмүнө киргизилген. Ал бөлүмдөн жарандар документти тандап, аны талап кылган мекемеге жөнөтө алышат. 

“Укук коргоо органдары, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башкалар дагы QR кодду сканерлей алышат. Ошол эле учурда, ыйгарым укуктуу адамдар жарандардын жеке маалыматтарын коргоо үчүн зарыл болгон чараларды колдонууга байланыштуу документтин маалыматтарын үчүнчү жактарга бере албайт же скриншот жасай албайт. Документтин аныктыгын “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу гана аныктоого болот”, - деди Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Түндүк” мамлекеттик мекемесинин директору Чыңгыз Аманатов.

Санариптик документти колдонуу үчүн жарандар төмөнкү шарттарды аткарышы керек:

• Калкты тейлөө борборунан акысыз электрондук санариптик кол тамганы алуу зарыл.
• “Түндүк” тиркемесин AppStore же PlayMarketтен жүктөө керек.
• Электрондук санариптик кол тамганы колдонуп, мобилдик тиркемеге кирүү керек.

 

Тэги: экономика новости Кыргызстана система «Тундук»

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу