Тогуз айда байланыш тармагына 53 лицензия берилди

11.10.2022, 12:15 Акчабар
Тогуз айда байланыш тармагына 53 лицензия берилди

Жаңы 5G технологиясын сыноо учурунда MegaComдон 5G интернет тармагында маалыматтарды берүү ылдамдыгы секундасына 1,8 гигабитке чейин жетти. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Индира Шаршенова билдирди.

Ал белгилегендей, учурда 5G технологиясына пилоттук сыноо уланып жатат.

“Учурда үч уюлдук оператор 5G технологиясын сыноого уруксат алышты. Алар “Скай Мобайл” ЖЧКсы, “Нур Телеком” жана “Альфа Телеком”, - деди ал.

Мындан тышкары, жыл ичинде 53 лицензия берилген:

– электр байланышына- 10;

– почта байланышына - 24;

– радио жыштык кызматына – 13;

– маалыматтарды берүү – 5;

– өлкө аймагына иштеп жаткан жана импорттолуучу мобилдик байланыш каражаттарынын идентификациясы, эл аралык уникалдуу идентификациялык кодунун аныктыгы, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн колдонулган түзүлүштөр - 1

Тэги: новости Кыргызстана цифровое развитие

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу